7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон иш сапары аяктады

470

Президент Садыр Жапаровдун Түркия Республикасына 15-16-мартта болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анкара шаарында Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсүн талкуулап, саясий, соода-экономикалык жана башка чөйрөлөрдө байланыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл бурушту.

Мамлекет башчылары эки тараптуу стратегиялык кызматташтыкты мындан ары чыңдоо, ошондой эле эки өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө, стабилдүүлүгүнө жана гүлдөп-өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү максатында дүйнөлүк аренада диалогго жана кызматташууга умтула тургандыгын ырасташты.

Иш сапарынын экинчи күнүндө Мамлекет башчысы Түрк мамлекеттер уюмуна катышуучу-өлкөлөрдүн башчыларынын Саммитинин (ТМУ) кезексиз жыйынына катышты.

Садыр Жапаров өз сөзүндө тездик менен өзгөрүп жаткан дүйнөдө аймактык кызматташтык заманбап мамлекеттер аралык мамилелерде кыйла таасирдүү жана натыйжалуу куралга айланып баратканын белгиледи.

Ал белгилегендей, кыргыз тарап Уюмга мүчө мамлекеттердин жогорку деңгээлдеги жолугушууларын үзгүлтүксүз өткөрүүгө чоң маани берет. Катышуучу мамлекеттердин ортосундагы саясий диалогдун жогорку деңгээли сакталып турат.

ТМУ катышуучу-мамлекеттердин башчыларынын Саммитинин кезексиз жыйынынын жыйынтыгында жыйынтыктоочу декларацияга жана башка документтерге кол коюлду.

17-мартка караган түнү президент Садыр Жапаров иш сапарын аяктап, Бишкек шаарына кайтып келди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

471