7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Конституциянын жаңы долбооруна бала-бакчаларды бекер кылуу сунушу кирди

501

Бала-бакча дагы балдар үчүн бекер болуусу зарыл. Бул тууралуу норма Баш мыйзамдын жаңы долбооруна киргизилгенин конституциялык кеңешменин мүчөсү Нурлан Шерипбаев билдирди.


Анын айтымында, Конституцияда орто билим берүү акысыз экендиги белгиленген.
«Биз орто билим гана эмес, мектепке чейинки билим берүү, кесиптик орто билим берүү дагы акысыз болушу керек деп жаздык. Анткени, учурда бала-бакчалар жетишпей, акчасы барлар менчик бакчага берет, акчасы жоктор балдарын үйдө карайт. Бул долбоор кабыл алынса өкмөт жаңы бакчаларды курушу керек», — дейт ал.


Белгилей кетсек, 20-ноябрда түзүлгөн конституциялык кеңешме ишин улантууда.
Садыр Жапаров Баш мыйзамдын жаңы долбоору 1-2 ай талкууланып, ага чейин 10-январга референдумга башкаруу формасы боюнча гана сунуш киргизилерин айткан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

502