7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош шаарында Нооруз майрамы өзгөчө шаң менен белгиленди (Фоторепортаж)

1201

Ош шаарында Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди. Иш-чаралар эртең менен сүмөлөк жасоо фестивалы менен башталып, андан соң борбордук аянтта “Нооруз — 2023” деп аталган салтанат тартууланды.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаардык кеңештин депутаттары, жашоочулар жана коноктор катышты.

Бакыт Төрөбаев майрамга келгендерди Нооруз менен куттуктап, жалпы журтка токчулук, тынчтык каалады. Иш-чара чоң концерттик программа менен коштолуп, театралдаштырылган оюн-зоок тартууланды. Ошондой эле аянтта кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү болуп, спорттук мелдештер уюштурулду.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1202