Жолго чыгып кайыр сурагандарга, жарамазан айтып унаалардын кыймылына тоскоолдук жараткандарга миң сом айып пул салынат. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Бишкекте «Кайырчы» аттуу рейд өтөт. Рейддин максаты жолдогу жол кырсыктарын алдын алуу болуп саналат.
«Акыркы учурларды жолдогу кайыр сураган жарандардын катышуусунда жол кырсыктары орун алууда. Рейддин жүрүшүндө жолго чыгып кайыр сурагандарга, жарамазан айтып унаалардын кыймылына тоскоолдук жараткандарга көңүл бурулат» — деп берилет маалыматта.