“Тазалык” муниципалдык ишканасынын экс-директору мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толугу менен толтурду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
22-мартта УКМК кызматкерлери тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында, ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана жок кылуу, ошондой эле кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча “Тазалык” муниципалдык ишканасынын мурдагы директору Р.А. Сарпашев кармалган.
Ал “Тазалык” муниципалдык ишканасынын муктаждыктары үчүн материалдык-техникалык каражаттарды сатып алууга багытталган акча каражатын ыйгарып алуу боюнча күнөөсүн мойнуна алып, келтирилген зыяндын ордун толугу менен, башкача айтканда 5 млн 167 миң 600 сомду толтурган.
Буга байланыштуу, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун тергөө судьясы ага карата 2023-жылдын 9-апрелине чейин үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын кабыл алды.
Учурда Сарпашевге карата козголгон кылмыш ишинин алкагында ал тарабынан мүмкүн болгон башка мыйзамсыз аракеттердин фактылары текшерилүүдө. Иши сотко өткөрүлүп, анда маңызы боюнча каралат.