7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМ: Жети-Өгүз районунда 950 миң чыгым келтирген мал уурулар кармалды

268

Жети-Өгүз райондук милиция кызматкерлери тарабынан Кызыл-Суу, Оргочор жана Ак-Кочкор айылдарынын аймагында элдин малдарын уурдашкан шектуу адамдар кармалышты. Учурда, тергөөчүлөр Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200 (Уурдоо) беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, кылмышка шектүү катары кармалышкан адамдар 6 факты мал уурулук кылышканын аныкташты. Келтирилген зыяндын жалпы баасы 950 миӊ сомду түздү.


12-ноябрынан 7-декабрына чейинки аралыкта белгисиз адамдар тарабынан Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу, Оргочор жана Ак-Кочкор айылдарынын талааларында, жергиликтүү тургундарынын кароосуз жайылып жүргөн 9 баш бээсин жана 9 кулунду уурдап кетишкен. Көрүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында милиция кызматкерлери кылмышка шектүү адамдырдын изине чыгышып, аларды кармоого жетишишти.


Кармалган адамдар, Тилекмат айылынын 47 жаштагы тургуну М.Т. жана Кызыл-Суу айылынын 34 жаштагы тургуну Ш.А. болуп чыгышты. Алгачкы берген көрсөтмөлөрүндө, алар күнөлөрүн толугу менен моюндарына алышып, уурдалган малдарды базар баасынан төмөн баада соодалап жүрүшкөнүн айтышты. Далил зат катары уурдалган малдар алынды. Райондук милициядан белгилешкендей, мал уурдоо менен байланышкан кылмыштын бетин ачуу эң татаал. Себеби, малды негизинен түнкүсүн, күбөлөрсүз, мал сарайларга эркин кирүү аркылуу уурдап кетишет. «Кээде мал ээлери өздөрүнүн малынын коопсуздугуна жана мал кармалуучу жайлардын техникалык бекемдүүлүгүнө кызыкдар эмес деген ой кетет. Малды ээн болгон жайыттарда кароосуз калтырышат, же болбосо тоскоолдуксуз кире турган ачык короолордо багышат. Ушундай шалаакылыктын бардыгы мал уурулардын колуна ойнорун унутпаса», – деп белгилешти райондук милициядан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

269