7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

АКШ Матраимовдун жубайын да «Магнитский тизмесине» киргизди

214


АКШнын Мамлекеттик департаменти Кыргызстандын Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунованы да «Магнитский тизмесине» киргизди. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео «Твиттердеги» баракчасына жазды.

«Бүгүн мен Кыргызстандын мурдагы аткаминери Райымбек Матраимов менен анын жубайын коррупциялык аракеттери үчүн «Магнитский тизмесине» киргиздим. Биз биргеликте коррупцияга каршы турабыз жана глобалдык деңгээлде адам укуктарынын бузулушун токтотуу үчүн жоопкерчиликти күчөтөбүз«,_деп жазган билдирүүдө.

Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандын элчилиги да бул кара тизме тууралуу мамлекеттик катчы Майк Помпеонун билдирүүсүн таратты.

Анда дүйнө жүзүндөгү коррупцияга жана адам укуктарын бузууга катышкандарга каршы Глобалдык Магнитский Актысынын алкагында киргизилген санкциялардын максаты тууралуу айтылды.

Анда дүйнө жүзүндөгү коррупцияга жана адам укуктарын бузууга катышкандарга каршы Глобалдык Магнитский Актысынын алкагында киргизилген санкциялардын максаты тууралуу айтылды.

«Бул иш-чаралар дүйнөдөгү коррупциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча эл аралык стандарттарды сактоого, адам укуктарын тебелөөгө каршы багытталган. Жалпысынан бул иш-аракеттер коррупцияны жана адам укуктарын бузгандарды, Кыргызстандагы бажы кызматкеринен баштап, Гаитидеги куралдуу топтордун башчыларына чейин, Чеченстандагы адам укуктарын бузгандарды жана башка көптөгөн кылмышкерлерди камтыйт», — деп айтылат маалыматта.

АКШ Улуу Британия менен биргеликте акыркы 48 сааттын ичинде эле коррупция жана адам укуктарын одоно бузууга тиешеси бар 37 субъектини аныктады.

Майк Помпео бул иштерди жасоодо жарандык коомдун жана журналисттердин салымы чоң экени белгилейт жана адам укуктарын коргоо, коррупцияга каршы күрөшүү, акыйкат башкарууну илгерилетүү боюнча жарандык коом менен өнөктөштүктү улантууга үмүттөнөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

215