Бишкектеги жол кырсыктан аялды сүзүп кеткен шектүү 7 жылга эркинен ажыратылганы маалым болду.
Эскерте кетсек, 30-январда Бишкекте катталган жол кырсыктын видеосу социалдык тармактарда тараган. Анда Honda Fit унаасынын айдоочусу жол чырак кызыл күйгөндө өтүп, 50 жаштагы аялды сүзүп кеткен. Аял ооруканадан каза болгон.
Аялдын уулу апасы 3 күн жандандыруу бөлүмүндө жатып көз жумганын жазып, кылмышка шектүү Свердлов райондук соту тарабынан үй камагына чыкканын, учурда эркиндикте жүргөнүн айтып, нааразы болгон. «Шектүү жазасыз калат деп коркобуз»- деп бийлик өкүлдөрүнө да кайрылган.
Маркумдун уулу видео кайрылуу жасап, сот болгонун, айдоочу 7 жылга эркинен ажыратылганын билдирди.