7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

БШК: Жапаров мыйзамдын талаптарын толук аткарган

210

Борбордук шайлоо комиссиясы Садыр Жапаровду президенттик шайлоого талапкер катары каттоого каршы жазылган арызды канааттандырган жок.

БШКнын жумушчу тобунун өкүлү арыздануучулардын пикирин окуп берген. Анда президенттин милдетин аткарган адам шайлоого катышууга укугу жок экенин, буга байланыштуу Жапаров президенттикке талапкер боло албастыгы жазылган. Ошондой эле Жапаров премьер-министрлик кызматын токтотуп койгондуктан президенттин милдетин аткаруучулук укугун тапшырды деп эсептелбей турганы белгиленген. Арыздануучулардын пикиринде, мамлекеттин туруктуулугун сактоо максатында мыйзамдарда президенттин милдетин аткаруу боюнча ыйгарым укукту тапшырып коюу каралган эмес.

Арыздануучулар административдик ресурс колдонулуп кетпеши үчүн БШК талапкерлердин бардыгына бирдей шарт түзүп бериши керектигин белгилешкен.
Ал эми БШКнын юристи Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн версиясы менен тааныштырган. Анда Жапаров БШКга документтерин тапшырып жатканда президенттик ыйгарым укуктарын ЖК төрагасы Талант Мамытовго тапшырып бергени белгиленген. Жапаровдун өкүлү мында эч кандай мыйзам бузуу болбогонун билдирген.

Буга чейин БШКнын жумушчу тобу арызды карап, тараптардын пикирин уккан.

Бүгүнкү жыйында БШКнын юристи Жогорку Кеңештин депутаты менен президенттен башкалары шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин ишин токтотуп тура аларын билдирген.

Ал эми Садыр Жапаров президенттик ыйгарым укуктарын тапшырып, мыйзамдын талаптарын толук аткарганы белгиленген.
Жумушчу топ президенттик шайлоого аттангандардын арызын канааттандырбоо чечимине келишти.

Боршайкомдун жетекчиси Нуржан Шайлдабекова БШК Жапаров ыйгарым укуктарын тапшырып бергенин эске алганда мыйзам бузулбаганын айтты. Ал ошондой эле бул чечимге макул болбогон тараптар сотко кайрылса болорун кошумчалаган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

211