Суу фондуна тиешелүү жерлерди мыйзамсыз бөлүп берген 13 кызмат адамына айып тагылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Айыл чарба министрлигине караштуу Чүй башкы бассейндик суу чарба башкармалыгынын кызмат адамдары тарабынан Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагындагы Чыгыш Чоң Чүй каналынын жээгиндеги жер тилкелерин жеке адамдын пайдасына берилгени аныкталды. Суу коргоо зоналарынын аймагында имараттарды курууга тыюу салынганына карабастан, ыйгарым укуктуу органдардын кызмат адамдары тарабынан архитектуралык уруксааттар берилген, алардын негизинде суу фондусунун жерлерине коммерциялык курулуштар курулуп кеткен.
Иликтөө иштеринин натыйжасында, Айыл чарба министрлигине караштуу Чүй башкы бассейндик суу чарба башкармалыгынын мурдагы башчысы Д.Р.Ж. жана жеке жак кармалып, УКМК тергөө абагына киргизилди.
Мамкурулуштун мурдагы директору А.Б.А., Мамкурулуштун Чүй райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетекчилерине жана кызмат адамдарына, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик кызмат адамдарына, Ысык-Ата жана Аламүдүн райондору боюнча Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын аймактар аралык башкармалыгынын жетекчилери жана кызмат адамдарына айып тагылды.
Учурда кылмыш иши сотко жөнөтүлдү.