7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Депутаттар 3 же андан көп бала төрөлгөн үй-бүлөлөргө 500 миң сомдон берүүнү сунуштады

711

Бүгүн, 3-апрелде Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында бир эле учурда үч же андан көп бала төрөлгөн үй-бүлөлөргө бир жолку “балага сүйүнчү” төлөмүн берүү сунушун камтыган токтом долбоору каралды.

Аталган демилге Жогорку Кеңештин депутаттары Максатбек Сарбагышев, Нурбек Алимбеков жана Мирлан Самыйкожо тарабынан көтөрүлдү.

Жыйында баяндама жасаган депутат Максатбек Сарбагышев Кыргызстанда акыркы 10 жыл ичинде үч эм төрөлгөн балдардын саны жүз элүү бир болсо, 5 үй-бүлөдө төрт эм төрөлгөнүн белгилеп: “Андыктан сунушталып жаткан токтом долбоору аркылуу үч же андан көп бала төрөлгөн үй-бүлөлөргө 500 миң сомдон бир жолку акчалай жардам берүүнү демилгелеп жатабыз”, – деди.

Ал эми комитет төрайымы Винера Раимбачаева өткөн жумада Бишкек шаарындагы Ак-Бата конушуна барып, жакында эле төрөлгөн төрт эмден кабар алып келгенин эске салды.

“Тилекке каршы, жашоо шарттары начар. Андыктан, мындай үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүп, жергиликтүү бийлик органдары да жардам бериши шарт”, – деди эл өкүлү.

Талкуу маалында жыйынга катышып жаткан тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү да сунушту колдоп, комитет тарабынан токтом долбоору кабыл алынды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

712