7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эми жол белгилерин мамлекет өзү чыгарып баштайт

478

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы «Өндүрүштүк-инновациялык борбор» мамлекеттик мекемесинде жол белгилерин чыгарган цех ачылды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Цехтин ачылышына транспорт министри Тилек Текебаев баштаган мекеме жетекчилери катышты.

«Буга чейин жол белгилерин жеке компаниялар чыгарып келсе, мындан ары мекеме өзү чыгарууга кудурети жетет, биринчи кезекте сапатына өзгөчө көңүл бурулат» — деп айтылат маалыматта.

Министр Тилек Текебаев жол курулушуна колдонулган материалдардын сапатын текшерген лабораторияга баш бакты. Жабдуулардын абалы, алардын иштеши тууралуу маалыматты угуп, тиешелүү жетекчилерге курулуш материалдарын сыноодон өткөрүү белгиленген эрежеге ылайык жүргүзүлүп жатканын көзөмөлдөөнү тапшырды.

Буга чейин жол белгилерин чыгарган жабдуулардын бардыгы Россиядан алынып келинген. 31-марттан баштап ишин баштаган устакана күнүнө 200дөн ашык жол белгисин чыгара алат. Министрге маалымдалгандай, азыркы тапта алгачкы буюртмалар түшө баштады. 7-10 жылга чейин жарамдуу жол белгилеринин баасы тирөөчү менен жеке компаниялардан алганга салыштырмалуу кыйла арзан болот. Ошондой эле цехти ачуу менен жаңы жумуш орундары түзүлүп, кызматкерлердин ден соолугуна да көңүл буруулары белгиленди.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

479