7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө Рамазан баштыгы таратылды

490

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда аз камсыз болгон 120 үй-бүлөгө ун, май, макарон сыяктуу керектүү азык-түлүктөр салынган Рамазан баштыкчалары таратылды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Жалпысынан 360 миң сомдук баштыкча таратылган кайрымдуулук иш-чарасын Момбеков айыл өкмөтүнүн жооптуу имамынын орун басары Русланбек Мамасадыков уюштурса, жеке ишкер Кенжебаевдердин үй-бүлөсү демөөрчүлүк кылган.

Иш-чарада райондун баш имам-хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиков бул айда кайрымдуулук кылуу жана убадаланган сооптор боюнча “Рамазан айында жасалган бир жакшы иштин сообу ондон жети жүз эсеге чейин көбөйтүлүп берилет. Ушул улуу айда бири-бирибизге жардам берели. Анткени берген кол алган колдон жакшыраак”- деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

491