7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шектүү тургунду 1 млн сомго алдап кеткен

604

Таластын тургунуна жер семирткич алып берем деп бир миллион сомго алдап кеткен жаран Бишкектен кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.

Манас районунун Кызыл-Жылдыз айылынын тургуну арыз менен милицияга кайрылган. Арызында 2021-жылдын ноябрь айында Жалал -Абад облусунун тургуну менен телефон аркылуу таанышып, ага алданып калганын жана «Карбамид» жер семирткичин алып берем деп, бир миллион сом акча котортуп алып, бербей качып жүргөнү айтылат.

Алдамчылыкка шектүү Сузак районунун 40 жаштагы тургуну изин жашырып жүргөн жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

605