7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Крестинин: «Кыргыз курама командасынын машыктыруучусу болгонума сыймыктанам!»

528

Александр Крестинин Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу кызматынан кеткенден кийин кайрылуу жасап, ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол союзунан билдиришти.

«Мага келечекке жол ачкан Кыргыз курама командасынын машыктыруучусу болгонума кубанычтамын жана сыймыктанам. Оюндарын мындан ары да дайыма көрөм. Менин жүрөгүмдө биздин биргелешкен ишибиз өзгөчө орунда турат. Алга, Кыргызстан! Рахмат Кыргызстан! Команданын оюнчуларына жана машыктыруучулар штабына ыраазычылык билдиргим келет. Биз көп жылдар бою чогу иштешип, абдан узак жолду басып өттүк, ал аяктады. Иш учурунда көп нерселер болду. Стадионубузду толтурган биздин күйөрмандарга терең ыраазычылык билдирем. Көптөгөн жакшы көз ирмемдерди баштан өткөрдүк, ар дайым бирге болдук. Биздин күйөрмандар эң мыкты. Ошондой эле Кыргызстандын футбол союзуна, бардык кызматкерлерге биргелешкен ишибиз үчүн ыраазычылык билдиргим келет» — деп айтылат кайрылууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

529