7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Транспорт министрлигинин 13 кызматкери кармалды

533

Транспорт министрлигине караштуу Салмак көзөмөл департаментинин Кара-Көл шаарындагы постунда туруктуу коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Транспорт министрлигинин кызматкерлери тарабынан системалуу түрдө жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан тоскоолдуксуз өткөрүү жана ташылып жаткан жүктүн уруксат берилген чегинен ашкан салмагын жашыруу үчүн акча талап кылгандыгы аныкталды. Ашыкча салмактын категориясына жана даражасына жараша посттун кызматкерлери ар бир унаадан 500 сомдон 10 миң сомго чейин акча каражатын алып турушкан. Бул кылмыштуу ишке Транспорт министрлигинин борбордук аппаратынын Транспорттук көзөмөл башкармалыгынын айрым кызматкерлери да катышып, алар аралыктан мониторинг жүргүзүү жана жүк ташуучу унаалардын ашыкча салмагын белгилөө менен бирге, бузууларды жашыргандыгы үчүн посттун кызматкерлеринен системалуу түрдө “өз үлүшүн” алып турушкан.

Белгилей кетсек, бул коррупциялык схеманын уюштуруучулары өздөрүнүн кылмыштуу аракеттерин тоскоолдуксуз ишке ашырып туруу максатында УКМК кызматкерлерине жашырып туруу өтүнүчү менен кайрылып, бир нече жолу пара берүүгө аракет кылышкан, бул аракеттери да белгиленген жана документтештирилген.
4-апрелде жүк ташуучу унаанын айдоочусунан ашыкча салмак үчүн 5 миң сом өлчөмүндө кезектеги параны алып жаткан жеринен Кара-Көл шаарындагы салмак-габариттик контролдоо постунун 8 кызматкери, ошондой эле посттун улук нөөмөтчүсү, транспорттук көзөмөл башкармалыгынын башчысы кармалды. Бул иш боюнча жалпысынан КР Транспорт министрлигинин 13 кызматкери кармалды.

Тергөө иштери уланууда.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал || 7 kanal (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

534