Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында 3 килограмм “гашиш” баңгизатын сатууга аракеттенген жергиликтүү тургундар кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Таш-Көмүр шаарында ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө “гашиш” баңгизаттарын сатууга аракет кылган учурда Аксы районунун тургуну 1955-жылы туулган жаран кармалган. Көзөмөлдүк таразалоодо алынган заттын таңгакталган түрүндө салмагы 2кг 935 граммды түзгөн.
Шектүү 2009-жылы Өзбекстан укук коргоо органдары тарабынан баңгизаттга байланышкан кылмыштарды жасагандыгы үчүн камалып, 2017-жылы бошотулган. Ал күч түзүмдөрүнүн мурдагы кызматкери болуп иштеп кеткен.
Ыкчам издөө иш-чараларын натыйжасында баңги тобунун башка мүчөлөрү дагы аныкталып, алардын бири Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында жашаган жаран кармалган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram