Баткен облусунун Сүлүктү шаарында 89 жаштагы Марсель менен 58 жаштагы Рузивонайга баш кошту.
Турмуш басылмасы жазып чыккандай, карыя татар улутунан болсо, жубайы өзбек улутунан. Алар шаардагы карылар үйүндө жашайт.
«Рузивонай Охунованын биздин мекемеде жашаганына 4 жылдан ашты, ал эми Марсель Басымовго 2 жылдай болуп калды. Экөө макул болгондон соң молдону чакырып, никесин кыйдык. Жубайлардын майрамдык кечесин уюштуруп, бөлмө ажыратып бердик. Аксакал пенсияны жакшы алгандыктан, жубайына 30 миң сомго алтын шакек менен алтын сөйкө белек кылды. Баш кошкондоруна 2 айдай болуп калды, бактылуу жашап жатышат»- деген Сүлүктү шаарындагы улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жалпы типтеги социалдык мекемесинин башчысы Муртазакул Жумабаев.
Жубайлардын үйлөнүү тою ушул жылдын 14-февралында өткөн.