7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чатырда жашап жаткан 5 балалуу энеге Камчыбек Ташиев үй куруп берет

1023

Буга чейин социалдык тармактарда Чүй облусунун Октябрь айылында Айзада Абдуллаева аттуу 5 балалуу эненин үй-жайы жок болгондуктан, бирөөнүн короосуна чатыр тигип жашап жатканы тууралуу маалымат чыккан.

Жергиликтүүлөр жалгыз бой көп балалуу апага жардам берүү керектигин суранышкан. Камчыбек Ташиев бүгүн аталган айылга барып, Айзада Абдуллаева менен жолугуп, маселесин тактап, чечим кабыл алды. Эми тез арада ага аталган айылдан жер тилкеси бөлүнөт жана Ташиев тарабынан жашоо үчүн бардык шарттары бар жаңы турак-үй курулуп берилет.

Жакынкы убакта бул үй-бүлө өзүнүн менчик үй жайына ээ болот. Ага чейин  тийиштүү колдоо көрсөтүлүп турат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1024