7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте «вебкам» жашыруун студиясы табылды

832

Кардарлар менен веб-моделдерди байланыштырып турган «вебкам» студия Бишкек шаарынан табылды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Акыркы жылдары дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө “веб-кам” бизнесинин “жашыруун” индустриясы түзүлүп, бул сойкулук жана порнографиянын жайылышына байланыштуу коомдук мамилелердин өнүгүүсүнүн логикалык уландысы болуп калган. Биздин өлкөдө бул тармактын өкүлдөрү өздөрүнүн өнүгүүсүнөн таптакыр артта калышпайт. “Вебкам”- индустриясы санариптик мейкиндикте интимдик кызматтарды көрсөтүүнүн  интерпретациясы болуп саналат. Маалыматтык технологияларды өнүктүрүү жана аларды калк арасында кеңири жайылтуу бул көрүнүштү массалык коммерциялык ишканага активдүү киргизүүгө мүмкүндүк берди.

Бишкек шаарындагы компьютердик клуб катары өзүн көрсөтүп келген белгилүү бир “студиянын” дареги аныкталып, ал жерди ыкчам кызматкерлер текшерүүгө алган. Бул даректе документтер боюнча жубайлар катталганы, бирок үйдүн 1-кабатындагы чоң бөлмөдө 8 компьютер орнотулган, өзүнчө бөлмөдө 10 компьютер, 2-кабатта 4 компьютер, жер төлөдө дагы 4 компьютер бар экендиги аныкталган.

«Бул мекемеде болжол менен 20-25 жаштардагы азиат түспөлүндөгү 7-8 жигит иштешкени белгилүү болгон. Бирок, бул балдар котормочулар экени маалым болуп, алар модель менен потенциалдуу кардардын ортосундагы ортомчулар экени такталган. Ошол эле учурда компьютердин бет маңдайында отурган веб-моделдер башка шаарда, атүгүл башка өлкөдө болушу толук мүмкүн. Сайттарга кирген кардарлар дагы башка шаарда жашашат. Бул учурда операторлор кошулуп, котормочу болуп, веб-моделдин ордуна келгендер менен видео чатта баарлашып жүрүшкөн. Көрсө, кардарды азгырып, көбүрөөк төлөп берүү да котормочулардын негизги милдети экени маалым болду. Бул бизнес бир топ киреше алып келет. Жумушчулардын айтымында, бул турак-жайдын ижара акысы ай сайын 700 АКШ доллары өлчөмүндө төлөнөт»- деп берилет маалыматта.

Учурда иликтөө иштери уланууда. Жалпысынан көрсөтүлгөн даректен 30 компьютер табылып алынган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

833