7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: «Үйү сүрдүрүлгөн Маралдын жаңы үйүн мен салып берип жаткан жокмун»

994

Ак-Ордо-3 конушунда жер чырынан улам үйү түрттүрүлүп, балдары менен көчөдө калган жаш келин тууралуу видео буга чейин интернет желесинде тараган. Ал күндүн эртеси жерине бир топ жарандар чогулуп, үйсүз калган келинге боз үй тигип беришкен. Ошондой эле президент Садыр Жапаров 5-мартта Ак-Ордо конушуна пландан тышкары барып, балдары менен барар жери жок калган үй-бүлө менен жолуккан. Учурда Марал Шараболотованын эски үйүнүн ордуна жаңы үй курулуп, курулуштун чыгымдарын президент көтөрүп жатканы тууралуу социалдык тармакта сөз жүрүп жатат. Маселенин чын бышыгын тактоо максатында Садыр Жапаровго суроо узаттык.

— Ак-Ордо конушунун жашоочусу Марал Шаболотованын турак жайы түрттүрүлүп, чоң резонанс жаратып, окуя орун алган жерге өзүңүз барып келдиңиз. Көп өтпөй жаңы үй курулуп, ал азыр чатыры бүтүп калганы соцтармакта айтылууда. Үйдүн курулушуна кеткен чыгымдарды сизди көтөрдү деген сөздөр бар, ушул чынбы?

— Жок. Калп. Мен барып көрүп кеткенден кийин «Соттогу маселелери чечилгенче көп кабаттуу үйлөрдөн убактылуу батир таап, бала-чакасы менен киризип тургула» деп кызматкерлерге буйрук берип кеткем. Эртеси күнү «Ас-Сафа» фондунун өкүлдөрү: «Соопчулук үчүн ошол эле жерге биз үй салып берели, уруксат бериңиз»- деп кайрылышкан экен. «Кудай жалгасын» дедим. Кудайдын улуу рамазан күндөрүндө сооп табалы деп «Ас-Сафа» фонду салып берип жатат. Бирөөнүн эмгегин, сооп иштерин менчиктеп алганыбыз туура эмес. Мен салып берип жаткан жокмун. Жөн гана себепкер болдум.

Булак: «Кабар»маалымат агенттиги

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

995