7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алтын үчүн кармашта Айсулуу Тыныбекова монголиялык балбан менен күрөшөт

659

Айсулуу Тыныбекова Казакстанда өтүп жаткан кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты.

Тыныбекова 62 кг салмакта мелдештин чейрек финалынан баштап катышууда. Ал алгач өзбекстандык Дильфуза Аимбетованы 4:0 эсебинде утуп, жарым финалга көтөрүлдү. Анда кыргыз кызы япониялык Нонока Озакиге каршы килемге чыкты. Тыныбекова кармаш башталганда эки упай ала алды, бирок Озаки акырындык менен эсепти 2:2ге айлантканга үлгүрдү. Бирок кыргыз спортчусу эки упайлык ыкма жасагандыгы үчүн жеңиш ага берилди.

Алтын үчүн кармашта Тыныбекова монголиялык Орхон Пуревдорж менен күрөшөт.

Эскерте кетсек, 2022-жылы Сербияда өткөн дүйнө чемпионатынын жарым финалында Айсулуу Тыныбекова дал ушул япониялык Нонока Озакиге 5:11 эсебинде утулуп калган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

660