Эртең, 14-апрелде Бишкек шаарында абанын күндүзгү табы 32 градуска чейин ысыйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору кабарлады.
Синоптиктердин билдирүүсүнө караганда, борбор калаада абанын температурасы түнкүсүн 12..14 градус болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
- 15-апрелде түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз жана 16-17-18-апрель күндөрү түнкүсүн жаан жаайт.
- 18-апрелде күндүз кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт.
- 19-апрелде түнкүсүн жаан жаабайт, айрым аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт.
- 20-апрелде түнкүсүн жаан жааса, күндүз күн ачык болот.