7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сабиров тармактык мамлекеттик органдарга жергиликтүү бийликке иштебөөгө чакырды

225

Вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров Ош облусундагы иш сапарынын алкагында Ош шаарында өткөн Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин коллегиясынын отурумуна катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Вице-премьер-министр белгилегендей, өндүрүш тармагын өнүктүрүү жана инвестициалык климатты жакшыртуу үчүн өнөр жай тармагынын интерактивтүү картасын түзүү зарыл. «Пандемияга байланыштуу өнөр жай тармагындагы төмөндөө 5,5% ды түздү. Бул жагдайды чогуу ондошубуз керек. Өнөр жайды туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын алкагында коюлган иш-чараларды толук кандуу аткарылышын катуу көзөмөлдөө керек. Кластердик ишканаларды түзүү жана аларды ишке киргизүү боюнча иш-чаралар канааттандырарлык эмес экендигин белгилейм. Ошол эле учурда жаңы өнөр жай ишканаларын инфраструктура менен камсыз кылуу маселесин өзгөчө белгилегим келет. Инвесторлорду электр энергиясы менен камсыздоо жана башка болгон маселер тез арада чечилүүгө тийиш», — деп белгиледи Равшанбек Сабиров.

Вице-премьер-министр тоо кен тармагы боюнча токтолуп, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекция экологиялык коопсуздукту көзөмөлдөө боюнча ишти күчөтүшү керектигин белгиледи.

«Тармактык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик тоо кен ишканаларынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылышы зарыл. Ошол эле учурда жергиликтүү калктын жана инвесторлордун кызыкчылыктарын эске алуу менен тараптардын компромисске келүүсү боюнча иштерин жүргүзүү шарт», -деди Равшанбек Сабиров.

Ошондой эле Кыргызстандан чыгарылып жаткан руда жана концентраттардын ичинде баалуу металлдардын өлчөмүн аныктоо боюнча мамлекеттик көзөмөлдү орнотуу керектигин кошумчалады. Коллегиянын соңунда вице-премьер-министр тармактык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийликке иштебей токтоп турган компаниялардын ишмердүүлүгүн жандандыруу жана калкка түшүндүрүү иштерин күчөтүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

226