7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Балыкчыда баа үчүн мушташкан окуучу кыздар

1925

Балыкчы шаарындагы Лев Толстой атындагы орто мектептин 5-классынын окуучуларынын мушташы боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

13-апрелде окуучу кыздын апасы милицияга кайрылып, кызы классташ кыздары тарабынан сабалгандыгын айткан. Кыз ооруканага жаткырылган.

Аталган факт боюнча төргөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

«Жабырлануучунун айтымында, ага дене тарбия сабагынан “3” деген баа коюлган, ал эми дагы бир классташына “2” деген баа коюлган. Ал кыз “2” коюлгандыгы үчүн жабырлануучуну күнөөлөп, мектептен кийин башка кыз менен чогуу үйүнө баратканда алар аны сабап, видеого тартып башташкан. Кыз өзүн коргоо үчүн алар тарапка таш ыргытканын мойнуна алган, бирок таш эч кимге тийген эмес. Бирок, классташ кыздары милицияга мушташ ыргытылган таш кыздардын биринин бетине тийген соң башталгандыгын билдиришкен»- деп берилет маалыматта.

Учурда милиция тарабынан жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, жаңжалдын күбөлөрү суралууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1926