7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев кармалды

952

Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Токмок шаарынын мэри Урматбек Самаевдин «Токмок жылуулук» муниципалдык ишканасында туруктуу коррупциялык схеманы уюштурууга тиешеси бар экендиги аныкталды. Тактап айтканда, Токмок шаарындагы жеке үйлөрдүн борбордук жылуулук трассасына мыйзамсыз кошулуу фактысы боюнча, андан түшкөн каражаттын бир бөлүгү ага берилип турган. 17-апрелде Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Токмок шаарынын мэри кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди»— дешти.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

953