Бүгүн, 20-апрелде Бишкекте эртең менен 9 мектептин окуучулары эвакуацияланды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Бишкек шаардык милициясынын “102” кызматына №33 мектеп-гимназиясынын электрондук дарегине бомба коюлгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Жерине милиция кызматкерлери барып, мектептин аймагы курчоого алынып, окуучулар жана мугалимдер эвакуацияланган.
Мындан тышкары, ушундай эле билдирүүлөр №64, 52, 67, 62 32 мектептерге, Бишкек эл аралык мектеби, Оксфорд, Сейтек жеке мектеперине келип түшкөн. Тиешелүү кызматтар жеринде иш алып барууда.
Кошумча маалымат берилет.