Улуттук банктын алмашуу бюролорун көзөмөлдөө тобунун жетекчиси Равшанбек Мурзалиев телеграм-каналдар аркылуу алмашуу операцияларын жүргүзүүнүн кооптуулугун айтып берди.
«Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде билдиргендей, бүгүнкү күндө жеке адамдар накталай чет өлкө валютасын алмаштыруу боюнча кулактандырууларды жарыялаган телеграм-каналдары бар. Бул адамдар аркылуу накталай чет өлкө валютасын алмаштыруу операциясын жүргүзгөн жарандар алданып калышы толук ыктымал, ортодо кандайдыр бир талаш-тартыш маселе аны далилдөө мүмкүн эмес.
«Телеграмм-каналдарынын катышуучуларында кылмыштын элементтери болушу мүмкүн, ушуга байланыштуу жеке адамдардын жабдылбаган пункттарда алмашуу операцияларын жүргүзүүсү тобокелдиктерди жаратышы, анын ичинде жарандардын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч алып келиши, ошондой эле тоноо же алдап кетүү сыяктуу терс көрүнүштөргө алып келиши мүмкүн. Алдап кетүү, жасалма банкнотторду берип коюу фактылары көбөйүп кеткендигин да белгилеп кетүү керек, ушуга байланыштуу Улуттук банк жарандарды алмашуу операцияларын Улуттук банктан лицензия алган адистештирилген уюмдарда гана жүргүзүүгө чакырат»- дейт Мурзалиев.