7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токмокто 6 айлык наристе уктаган жеринен чарчап калган

903

Токмок шаарында өрттүн кесепетинен алты айлык ымыркай чарчап калды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришгти.

Милицияга Овчаров көчөсүндө жайгашкан үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган даректе жашаган 48 жаштагы аттуу аял бөлмөдө жайгашкан мешке от жагып, жанындагы тапчанга 6 айлык небересин жаткырып, короого чыгып үй жумуштарын менен алектенген.

«Бөлмөдөн өрт чыгып, ичиндеги ымыркай өрттүн кесепетинен чарчап калган. Ымыркайдын сөөгүн жардамга келген бейтааныш жаран алып чыккан. Өрт шаардык өрткө каршы кызматы тарабынан өчүрүлгөн. Аталган факты Токмок шаардык милициясына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды»- деп берилет маалыматта.

Учурда тиешелүү укуктук экспертизалар дайындалды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

904