-декабрда Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы жылдык балаты жандырылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматы билдирди.
30 метрлик балаты жаңы жылдык оюнчуктар, улуттук орнамент, шарлар, ал эми чокусуна эки метрлик жылдыз менен кооздолгон.
Мындан тышкары, Ош шаарынын борбордук аянты жаңы жылдык жаркыраган шарлар жана сүрөт чегерилген көргөзмөлөр менен кооздолгон.
«Ош шаарында Жаңы жылга карата оюн-зоок иш-чаралары жана концерттер уюштурулбайт», — деп билдирди Ош шаардык мэриясы.