7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Римде «Эл аралык тоолор жылынын» жабылыш аземи болуп өттү

631

2023-жылдын 26-апрелинде БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Рим шаарындагы штаб-квартирасында Тоо шериктештигинин Катчылыгынын колдоосу менен чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын бийик даражалуу кызмат адамдарынын катышуусунда гибрид форматында «Эл аралык тоолор жылынын» жабылыш аземи болуп өттү.

Кыргыз тараптан Тышкы иштер министр Жээнбек Кулубаев видеокайрылуу жасады. Өз сөзүндө Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы эл аралык өнөктөштөргө тоо демилгелерин ишке ашырууда көрсөткөн колдоосу жана практикалык жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. ТИМдин биринчи орун басары Асеин Исаев онлайн сүйлөгөн сөзүндө тоолуу өлкөлөрдү жана эл аралык уюмдарды иш-аракеттердин беш жылдыгын натыйжалуу ишке ашыруу үчүн биргеликте күч-аракет жумшоого чакырды.

БУУ башкы катчысы Антонио Гутерриш өзүнүн видеокайрылуусунда Эл аралык тоо жылын жигердүү илгерилеткендиги жана тоо күн тартибине көңүл бургандыгы үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирип, эл аралык коомчулукту жалпы күч-аракетти 2022-жылы декабрда Нью-Йоркто кабыл алынган БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын “Тоолорду туруктуу өнүктүрүү” резолюциясынын алкагында жарыяланган “2023-2027-жылдардагы Тоолорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын” жүзөгө ашырууга бурууга чакырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун Башкы директору Цюй Дюнъюй Эл аралык тоо жылынын жыйынтыгын чыгарып, анын ийгиликтүү аякташындагы кыргыз тараптын ролун белгиледи жана ФАО мындан ары да «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын» ишке ашырууга даяр экенин билдирди. Салтанаттын расмий бөлүгү Кыргызстандын комузчуларынын, ошондой эле Перунун квартетинин катышуусундагы маданий программа менен аяктады.

Белгилей кетсек, КРнын демилгеси менен 2021-жылдын 16-декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын жүрүшүндө 2022-жылды Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылы деп жарыялоо жөнүндө резолюция кабыл алынган. 2022-жылдын 28-апрелинде Тоо шериктештигинин Катчылыгынын колдоосу менен онлайн форматында Эл аралык жылдын ачылыш аземи болуп, анда президент Садыр Жапаров видеокайрылуу жасаган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

632