7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев Сузактагы 4 балалуу үй-бүлөгө турак жай куруп берди (ФОТО)

878

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Сузак районундагы 4 балалуу үй-бүлөгө турак жай куруп берди. Бул тууралуу «Регион» телеканалы билдирди.

Маалыматка ылайык, Барпы айылындагы 4 балалуу үй-бүлө турак-жайга муктаж болуп келген. Эскилиги жеткен жайда күн кечирген үй-бүлөдөгү мектеп курагындагы кыздары Ташиевге кат жазып, жардам берүүсүн суранышкан. Кайрылуу жеткен учурдан тартып, тез арада аталган үй-бүлөгө жаңы там курулуп баштаган.

Бүгүн, 4-майда жашоо үчүн бардык шарттары бар турак жай айыл элинин жана Камчыбек Ташиевдин катышуусунда үй ээлерине тапшырылды. Үйдүн ачкычын тапшырып жатып, бул сыяктуу кайрымдуулук иштерди жасоо ар бир мүмкүнчүлүгү бар адамдарга зарыл экенин, өзү тарабынан ондогон жылдардан бери башкаларга үлгү катары жасалып келе жаткан кайрымдуулук иштерин мындан ары да улантаарын баса белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

879