7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Базар-Коргондо салынып баштаган мектептин сапаттуу бүтүшү көзөмөлгө алынат

504

Базар-Коргон районунун Чоң-Курулуш айылында 275 орундуу мектептин жаңы имаратынын пайдубалына капсула салынды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, саамалыкка президентин өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбеков, жергиликтүү бийлик, мектеп жамааты жана айыл тургундары катышты.

Аталган билим берүү мекемесинин имараты 1993-1994-жылдары ашар жолу менен курулган. Азыркы учурда эскилиги жеткен мектепте 334 окуучу билим алууда. Аталган маселени чечүүдө мекеменин жаңы имаратынын курулушу башталды. Ал республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы сметалык баасы 155 млн 418 миң сомго бааланган.

Ыйгарым укуктуу өкүл жергиликтүүлөрдү куттуктап, билим уясынын курулушун өз мөөнөтүндө, сапаттуу жүргүзүлүшү көзөмөлгө алынаарын билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

505