7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Казакстандын президентин 70 жылдык мааракеси менен куттуктады

615

Президент Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин 70 жылдык мааракесине байланыштуу куттуктоо кат жолдоду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Сизди 70 жылдык мааракеңиз менен чын дилимден куттуктайм! Боордош Казакстан дүйнөлүк коомчулукта кадыр-баркын арттырып, өнүгүү жолуна түшкөнү бизди абдан кубандырат.

Сиздин даанышман жетекчилигиңиз менен Казакстан Республикасында жүргүзүлүп жаткан пландуу жана комплекстүү реформалар ийгиликтүү ишке ашып, өлкөнүн коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык өнүгүшүнө өбөлгө болуп берет, деп ишенем.

Кыргыз тарап достукка, ынак коңшулукка жана өз ара түшүнүшүүгө негизделген кыргыз-казак мамилелерин өнүктүрүүгө кошкон Сиздин жеке салымыңызды жогору баалайт жана кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө чоң маани берет.

Биргелешкен аракеттерибиздин натыйжасында бир тууган элдерибиздин ортосундагы достук байланыштар мындан ары да чыңдалып, мамлекеттер аралык союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерибиз ырааттуу өнүгө берерине терең ишенем», — деп айтылат куттуктоодо.

Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевге бекем ден соолук жана алдыга коюлган бардык максаттарды ишке ашырууда ийгиликтерди, ал эми боордош Казакстан элине тынчтык жана өнүгүү каалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

616