7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте 61 жаштагы аялды зордуктоого шектүү катары кошунасы кармалды

364

Бишкекте 61 жаштагы аялды зордуктоого шектүү катары кошунасы кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИБнын Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.


Белгиленгендей, 8-январга караган түнү нөөмөт бөлүмүнүн 102 кыска номуруна зордуктоо тууралуу билдирүү келип түшкөн.


«Милиция кызматкерлери чакыруу түшкөн жайга барып 61 жаштагы аялды табышкан. Ал 7-январь күнү саат 23:30 чамасында Ж. аттуу кошунасы үйүнө кирип, күч колдонуп зордуктагандыгын айткан. Окуядан соң кошунасы изин жашырып качып кеткен. Патрулдук милициянын кызматкерлери кылмышка шектүүнү колго түшүрүштү. Ал 43 жаштагы С.Ж. экендиги аныкталды. Учурда Свердлов районунун ИИБнын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

365