7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттикке талапкерлер үгүт иштерине 60 миллион сом сарпташты

247

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер шайлоо өнөктүгүнө 59 миллион 883 миң 946 сом сарпташты. Бул тууралуу БШКда 7-январда өткөн көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жыйынында белгилүү болду.

Талапкерлердин каржы отчеттуулугунун маалыматтары боюнча 2020-жылдын 30-декабрына карата шайлоо фонддоруна түшкөн акча каражаттары 112 млн 310 миң 964 сомду түздү, анын ичинде:

  • талапкерлердин өз каражаттары 57  млн 633 миң 980 сом (51,3%),
  • юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары – 9  млн сом (8,01%),
  • жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары – 45 млн 647 миң 4 сом (40,6%),
  • кайтарылган каражаттардын суммасы –  29 миң 980 сом (0,03%).

Президенттике талапкерлердин шайлоо фонддорунун каражаттарынан шайлоо өнөктүктөрүн өткөрүүгө байланыштуу чыгашаларды жабууга 103 млн 297 миң 087 сом чыгымдалды, анын ичинде:

  •  шайлоо күрөөсүн төлөөгө 17 млн сом (16,5%),
  • шайлоо алдындагы үгүткө –  59 млн 883 миң 946 сом (58%),
  • башка чыгашаларды, салык чегерүүлөрүн, социалдык милдеттенмелерди төлөөгө – 5 млн 552 миң 509 сом (5,4 %),
  • шайлоо өнөктүктөрүн өткөрүүгө байланыштуу аткарылган жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөгө – 20 млн 858 миң 81 сом (20,2%).

17 талапкер шайлоо фонддорунун атайын эсептерине түшкөн каражаттарды пайдалануу менен өз шайлоо өнөктүктөрүн каржылоодо. 12 талапкер «РСК Банк» жана 5 талапкер «Айыл Банк» банкта атайын эсептерин ачышты.

Шайлоо фонддорунун атайын эсептерине каражаттардын түшүүлөрү жана алардын чыгымдалышы жөнүндө маалыматтар бул банктардан мыйзам тартибинде жума сайын БШКга түшүүдө жана жеке маалыматтар жана банктын жашыруун сыры тууралуу мыйзамдарды эске алуу менен БШКнын расмий сайтына жарыяланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

248