7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Президенттикке талапкерге байланыштуу билдирүү тууралуу айтылган маалыматтар «фейк»

243

УКМК кызматкерлери президенттикке талапкерлердин бирине байланыштуу маанилүү билдирүү жасаганы жатат деген социалдык тармактарда жайылтылган маалыматтар фейк экенин билдирет. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдирди.

Ага ылайык, УКМК укук коргоо органдары менен биргеликте чагымчыл иш-аракеттердин алдын алуу иштерин жүргүзүп жатат.

«Ошол эле учурда бул кайрылууда көрсөтүлгөн фактыларды айрым талапкерлер өлкөдөгү маанилүү делген президенттик шайлоо алдында президенттикке талапкерлердин бирин атайын жаманатты кылуу максатында жайылтышууда», деп жазылат билдирүүдө.

УКМК жеке саясий жана башка күчтөргө кызмат кылбасын, ошондой эле айрым топтордун өзүмчүл максаттарына жетүү үчүн саясий курал болуп бербей турганын баса белгилеген.

«Биздин негизги максат — элдин жыргалчылыгы жана Кыргыз өлкөсүнүн гүлдөп-өсүшү үчүн кызмат кылуу. Ошондой эле күч структуралары жана укук коргоо органдары саясаттан тышкары экендигин эске салат. Абалды көзөмөлдөө үчүн күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын күчтөрү, каражаттары жетиштүү. УКМК мыйзамдардын чегинде чагымчыл жана ушул сыяктуу мүнөздөгү башка билдирүүлөрдү тараткандар боюнча жоопкерчилик каралгандыгын эскертет», — деп жазылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

244