Мушкер Антонина Шевченко «Gessna 172» үлгүсүндөгү спорттук учак сатып алды. Спортчунун асманды багындыруу кыялы көптөн бери ага тынчтык бербей келген.
Маалыматка ылайык, өткөн жылы спортчу америкалык адистерден учак башкаруу боюнча билим алып, тиешелүү аттестат алгандан кийин, дароо учак сатып алган.
«Учакты ижарага алсам болмок албетте. Бирок, ижарага алуу деле абдан кымбат. Андан көрө сатып алууну чечтим», — дейт ал.