«Кыргыз Темир Жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган жарандык активисттер кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 8-январда УКМК Коррупцияга каршы кызматы тарабынан «Кыргыз Темир Жолу» Улуттук компаниясы Мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинин арызынын негизинде, Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту боюнча ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысынын негизинде сотко чейинки териштирүү башталган.
Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, М.А. жана У.Д. аттуу КР жарандары Кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча Мамлекеттик кызматынын органдары тарабынан текшерүү болушу мүмкүн деген жүйөө жана ишкананын жетекчилигине каршы митингдерди уюштуруу коркунучу менен аталган ишкананын жетекчилигинен 250 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражаттарын талап кылышкан.
Анын жыйынтыгында «Кыргыз Темир Жолу» Улуттук компаниясы Мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги маселени оң жагына чечүү максатында М.А. жана У.Дга жогоруда көрсөтүлгөн акча каражаттарын бергенге аргасыз болушкан.
Кармалгандар КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда.