7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сурабалдиева: Мугалим тараптан балдарга сексуалдык кол салуу – бул жол берилгис ыпылас иш

335

Мугалим тараптан жашы жете элек балдарга сексуалдык кол салуу – бул жол берилгис, ыпылас иш. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева Бишкек шаарындагы мектептердин бириндеги жашы жете элек балага карата бузукулук иш-аракетке шектелген мугалимдин кармалыш фактысы боюнча ушундай пикирин билдирди.


«Белгилүү болгондой, мурда окуучулардын ата-энелеринен кармалаган мугалимдин жосунсуз аракеттери тууралуу маалыматтар түшкөн, бирок мектеп администрациясы эч кандай чараларды кабыл алган эмес. Бул мугалимдер тарабынан балдарга карата бузуку аракеттерин жасаган өтө жосунсуз жорук. Өлкөнүн бир дагы мектебинде мындай фактыларга жол берилбеши керек. Жалпы билим берүү мекемелери, тармактык муниципалдык жана мамлекеттик органдар ата-энелерден жана окуучулардан түшкөн сигналдарга, кайрылууларга кош көңүл мамиледе болбошу шарт. Эгерде өз учурунда алдын алуу чаралары кабыл алынган болсо, бул нерсеге жол бербөөгө мүмкүн эле. Менталдык четтөөлөргө шектелген жактарды балдар менен иш алып барууга жол берилбеши керек», — деди Эльвира Сурабалдиева.


Вице-премьер-министр орун алган окуя боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

336