7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жанар Акаев аялын сабады деген маалыматты Жанар Акаев жана жубайы Жыргал Масалбекова четке кагышты

244

Депутат Жанар Акаев аялын сабады деген маалыматты Жанар Акаев жана жубайы Жыргал Масалбекова төгүндөдү.

«Урматтуу достор! Өзгөчө журналисттер. Жанар Акаев аялын сабады деген маалымат таптакыр чындыкка дал келбейт. Андай болушу мүмкүн дагы эмес. Муну кайсы булак, эмнеге таянып билдирди? Же ар бириңерди үйгө чакырайынбы? Баса белгилеп айтып коёюн, андай болгон эмес, эч качан болбойт дагы», — деп жазды Жанар Акаев.
Ал эми жубайы «Менде баары жакшы. Эч жакка арыз жазган эмесмин»
, — деп билдирүү калтырды.
Эске салсак, Бишкек ШИИББи 8-январында саат 13:30 чамасында «102» кызматына Турусбеков көчөсүндө жайгашкан үйдө үй-бүлөлүк зордук-зомбулук жөнүндө чалуу түшкөнү боюнча маалымат таратты. «К.Ж. аттуу жаран күйөөсү аны үйдө сабагандыгын көрсөтүп, полицияга жардам сурап кайрылган. Андан кийин ал Ж.А. аттуу күйөөсүнүн үстүнөн жазуу түрүндө арыз жазган», — деп жазылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

245