7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров Бишкектеги №1053 шайлоо участогунан добуш берди

231

Аталган шайлоо участкасына добуш берүү үчүн барган Садыр Жапаров өлкөдө мындан ары коорупционер, уурулуларга каршы мыйзам катуу иштээрин баса белгилеп: “Жакын арада, буйруса президент, өкмөт, депутаттар эл үчүн кандай иштеши керек экенин көрсөтөбүз!» – деди.

Ошондой эле ал, бул жолку шайлоо тазалыгы, ачык-айкындыгы менен айырмаланаарын айтты.

10- январь  Кыргызстандын келечек тагдыры чечилээр тарыхый маанилүү күн болуп турат. Анткени, кылым карытып, башынан эчендеген оор күндөрдү өткөргөн майтарылбас, намыскөй кыргыз эли президенттик шайлоо менен бирге эле мамлекетти башкаруунун жаңы формасын тандай турган күн болуп эсепттелет. Тактап айтканда, мындан ары президенттик башкаруубу же парламенттик башкарууда жашайбызбы деген чоң суроонун алдында турабыз? Башкаруунун кайсы формасын тандайт, аны эл бүгүн өзү чечет. Мамлекеттин тагдыры сиздин колдо, урматтуу мекендеш! Акыл калчап, туура чечим чыгаралы!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

232