7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Новиков талапкерлерди шайлоонун жыйынтыгы кандай гана болбосун таанууга чакырды

230

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков №1102 шайлоо участкасына барып өз добушун берди. Новиков жарандык милдетин аткаргандан кийин, журналисттерге «Президент» жана «Референдум» боюнча урналарын чаташтырбоо керектигин айтты.


Премьер-министр кимге добуш бергендигин купуя бойдон калтырууну айтып, ачыктаган жок. Анын тандоосу өлкөнүн келечектеги чыңдалышына жана өнүгүшүнө кызмат кылат деген ишенимин билдирди.


Новиков талапкерлерди шайлоонун жыйынтыгын кандай гана болбосун таанууга чакырып, шайлоо жыйынтыктаган соң кырдаалды туруксуздаштыруу болбой турганын айтып, азыркы учурда мыйзам бузуу фактысы каттала электигин кошумчалады.


Анын айтымында, 9-январга карата 61 сигнал болуп, ар бир факт иликтенип жатат, материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып Ички иштер министрлиги тарабынан текшерилип жатат.


Өкмөт өз кезегинде мүмкүн болгон чагымчыл аракеттерге даяр.


«Учурдан пайдаланып мен шайлоо жарышына катышкан бардык талапкерлерди, жыйынтыгы кандай гана болбосун шайлоонун натыйжаларын таанып, өлкөбүздүн жана жарандардын алдында саясий эркти жана жоопкерчиликти сезүүгө, тынчтыкты жана бейпилдикти сактап калууга чакырам. Эл эртең жумушуна чыгып күнүн тынчтыкта улантуусу керек. Өкмөт конкреттүү бир адамга көз каранды болбоосу керек. Өкмөттө кесипкөйлөр иштеши керек жана өлкөбүздүн келечектеги өнүгүүсү кандай кырдаалда болбосун сөзсүз алдыга жүрөрүнө ишенем», — деди Новиков.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

231