Белгилүү кинорежиссер «Кыргыз кино кереметин» жаратуучулардын бири, СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти, II даражадагы «Манас» ордени жана башка сыйлыктардын ээси Болот Шамшиев быйыл 12-январда 80 жашка чыкмак. Бул тууралуу Мадания, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 12-январь күнү СССРдин эл артисти, белгилүү кинорежиссёр Болот Шамшиевдин туулган күнүнө карата Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө эскерүү кечеси өтөт.
Иш-чарага таланттын кесиптештери катышат. Ошондой эле саат 14.00дө баштала турган эскерүү кечесине анын чыгармачылыгына күйөрмандык кылган бардык каалоочулар чакырылат.
«Ак кеме», «Караш-Караш окуясы», «Сүйүү закымдары», «Адамдардын арасында», «Эрте келген турналар», «Бөрү зындан», «Снайперлер», «Фудзиямадагы кадыр түн» жана башка атактуу кинолордун режиссёру.
Эскерте кетсек, Шамшиев 2019-жылдын 21-декабрында 78 жаш курагында каза болгон.