
Президенттик шайлоодо берилген добуштарды электрондук урнанын жардамы менен саноонун жыйынтыгында Садыр Жапаров алдыга озуп чыкты.
Саат 20.15те добуштардын 60,52 пайызы эсептелип, Жаппаровго элдин 81 пайыздан ашыгы добуш бергени аныкталды.
Жапаров Садыр Нургожоевич 81.18%
Исаев Канатбек Кедейканович 0.66%
Арстанбек Мыктыбек 1.38%
Сооронкулова Клара Сыргакбековна 0.89%
Ташов Имамидин Асамидинович 1.27%
Сегизбаев Абдил Кеңешевич 1.42%
Мадумаров Адахан Кимсанбаевич 6.28%
Касенов Аймен Абдыталипович 0.85%
Кочкоров Улукбек Тойчубаевич 0.77%
Байгуттиев Жеңишбек Сейтбекович 0.08%
Абакиров Эльдар Курманбекович 0.47%
Асанов Курсан Сатарович 0.5%
Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич 0.08%
Жээнбеков Равшан Бабырбекович 0.19%
Калмаматов Бактыбек Орозалиевич 0.53%
Төлбаев Бабыржан Латиханович 2.05%
Иманалиев Каныбек Капашович 0.16%
БААРЫНА КАРШЫ 1.24%
Бүгүн өлкө боюнча 2 474, ал эми чет мамлекеттерде 48 шайлоо участкасы ачылган. Саат 20.00дө алардын бардыгы жабылды. Жалпы жонунан 3 563 574 кыргызстандык добуш берүү укугуна ээ болгон.
Мамлекет башчылыкка жалпысынан 17 талапкер ат салышты.