7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте УКМКнын жасалма кызматтык күбөлүгү менен жүргөн жаран кармалды

199

Борбор калаанын патрулдук кызматы УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгы менен биргеликте жасалма күбөлүгүн көрсөтүп, өзүн УКМКнын кызматкеримин деп тааныштырып жүргөн адамды кармады. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-январь күнү Токомбаев жана Нуркамал көчөлөрүнүн кесилишинде, 14:55 чамасында мамлекеттик номерлери жок «Тойота Камри» унаасы токтотулган. Унаанын арткы орундугунда отурган Б.А. аттуу жаран өзүн УКМК кызматкеримин деп тааныштырып, жасалма кызматтык күбөлүгүн көрсөткөн.

«Б.А. Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, тергөө иштери уланууда. Номери жок унаа айып аянтчасына киргизилди», — деп айтылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

200