7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токмокто 3 адам киши колдуу болуп каза болду

250

Токмокто 3 адам киши колдуу болуп каза болушту. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 9-январь күнү Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө эркек киши сабалганы тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке барган ыкчам топ жаракат алган үч эркек адамды медициналык тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Бирок жаракат алгандардын бири ооруканага жетпей каза болсо, экөө оорукананын жандандыруу бөлүмүндө көз жумган.


«Милиция кызматкерлери окуя болгон жерден арактын бөтөлкөсүнүн сыныктарын жана башка далил буюмдарды табышты. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган», — деп айтылат маалыматта.


Териштирүү учурунда каза болгон 2 жарандын өздүгү такталды, алардын бири үй ээси — 39 жаштагы Э.Т, 32 жаштагы Д.А. жана үчүнчү жарандын аты-жөнү такталып жатат.

Токмок ШИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан Кеминдин аймагынан шектүү катары 36 жаштагы К.Т. жана 31 жаштагы С.М. кармалды.
Болжолдуу маалыматтар боюнча, кылмышка шектүүлөр жана каза болгон жарандар бирге ичимдик ичип, ортодогу чыккан пикир келишпестиктен улам уруша кетишкен. Андан улам үчөөнү катуу сабаган шектүүлөр качып кеткен. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери уланып жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

251