Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев эл чыныгы жеңишке жеткендигин билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.
«Эл жеңди. Эл тажаган. Эл үмүттү тандады. Чыныгы жеңиш.Тарыхый чындык. Текши кыргыздын жеңиши. Садыр Жапаров Ажобузду куттуктайбыз. Эми жалпы жардам берип өлкөнү өстүрөбүз. Өзүнүн абройу менен алды. Алдыда өтө чоң ашуулар, кыйынчылыктар турат. Убакыт керек. Колдоо керек», — деп жазган ал.