7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Мурас» достук мелдешинде “Ден-Соолук” командасы жеңишке жетти

596

Бишкек шаарында 27-28-майда өткөн футзал боюнча кезектеги «Мурас» достук мелдеши жыйынтыкталды.

Беттештердин жыйынтыгында биринчи орунду башкы дарыгерлерден, медициналык мекемелердин жетекчилеринен турган «Ден-Соолук» командасы ээледи. Оюнчуларга чемпиондун өтмө Кубогу жана 400 миң сомдук сертификат тапшырылды.

Экинчи орунду “Спорттук федерациялар” командасы алып, байге катары 300 миң сомдук сертификатка ээ болду.

Үчүнчү орунду жана 200 миң сомдук сертификатты «Президенттин командасы» командасы, төртүнчү орунду жана 100 миң сомду «Коопсуздук» командасы жеңип алды.

40 жашка чейинки оюнчулары бар командалардын ичинен «Билим» командасы биринчи орунду ээлеп, ага чемпиондун өтмө Кубогу жана 400 миң сомдук сертификат тапшырылды.

Экинчи орунду 300 миң сомдук байге сертификаты менен «Журналисттер» командасы ээледи.

Үчүнчү орунду жана 200 миң сомдук сертификатты «Спорт Жылдыздары» командасы утуп алса, төртүнчү орунду жана 100 миң сомдук сертификатты “Өнөр” командасы алды.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө мелдештин жеңүүчүлөрүн куттуктап, эң күчтүү болгон «Ден-соолук» командасы жеңгенин белгиледи.

Мамлекет башчысы бул мелдешти уюштуруунун максаты — сергек жашоону пропагандалоо экенин дагы бир жолу баса белгиледи.

Ар бир мелдеш сайын командалардын, оюнчулардын жана жеңишке умтулуунун духу көтөрүлүп жатканы кубандырат.

Президент Садыр Жапаров спорт ар бир адамдын жашоосунда болушу керектигин кошумчалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

597