7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мугалимдерге квалификациялык категориялар кайра ыйгарылат

300

Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдерге кайрадан квалификациялык категорияларды ыйгарат. Бул үчүн 2021-жылдын май айынан баштап, кийинки окуу жылынын башталышына чейин мектеп мугалимдеринин ыктыярдуу аттестациясын өткөрүү пландалууда.


Мугалимдерге квалификациялык категорияларды ыйгаруу аттестациялоонун негизинде ишке ашырылат. Кийинки окуу жылынын башынан баштап бул үчүн ай сайын кошумча акы төлөө калыбына келтирилет.


Жалпы билим берүүчү уюмдардын категория ээси болгон мугалимдерине кошумча төлөмдөр жумасына 20 саат иштегени (окутуучулук иши) үчүн төлөнөт:

Жогорку категория үчүн – 2000 сом;
Биринчи категория үчүн – 1500 сом;
Экинчи категория үчүн – 1000 сом.


2021-жылдын 4 айына жалпы билим берүүчү уюмдардын мугалимдерине категория үчүн кошумча акыга республикалык бюджеттен 99,7 миллион сом каралды.


Мугалимдерди аттестациялоонун максаты:
педагогикалык чеберчилигинин деңгээлин жогорулатуу;
кесиптик жана инсандык өсүшүн камсыз кылуу;
Мугалимдерди билим берүүнүн сапатын жогорулатууга шыктандыруу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

301